Окуучуну ур-токмокко алган мугалим өз арызы менен жумуштан кетти

  • 2 года мурун

Сузакта окуучуну ур-токмокко алган мугалим өз арызы менен жумуштан кетти. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

25-майда социалдык тармактарда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабап жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча териштирүү башталганын билдирген.

Териштирүүнүн жүрүшүндө окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгону аныкталган. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими Э.М., кыз 7-класстын окуучусу Д,Х. болгон.

Мугалим сурак берген учурда сабак учурунда Д.Х. менен ошол класста окуган кызы К.А. сөз талашып, айтыша кетишкенин, аларга эскертүү берген учурда Д.Х. орой мамиле кылгандыктан ачууга алдырып, «тарбиялык мааниде» уруп жибергенин айткан.

“Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен кайым айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты