Окуучулардын  мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди

  • 2 года мурун

Окуучулардын  мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди.

Министирликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелер балдарын талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты