Окуучулар көрүүсү начар адамдар үчүн EyeSens «акылдуу» көз айнегин иштеп чыгышты

Борбордук Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында Бишкектеги жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көрбөгөн адамдар үчүн EyeSens аттуу «акылдуу» көз айнекти иштеп чыгышты.

Долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге тааныштырылды.

Долбоор күнүмдүк колдонулган ак таякчалар толук камсыздай албаган муктаждыктарды эске алуу менен түзүлгөн. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда көрүүсү начар адамдардын басымдуу бөлүгү тротуардагы тоскоолдуктардан жана дарак бутактарынан жаракат алуу коркунучуна кабылышат.

EyeSens көз айнегине орнотулган камера айлана-чөйрөдөгү маалыматты смартфонго өткөрүп, ал жерден жасалма интеллект аркылуу иштетилет. Үн ассистенти колдонуучуга керектүү маалыматты үн аркылуу жеткирет. Башкаруу үн буйруктары менен ишке ашат.

Прототип учурда объекттерди таануу, айлана-чөйрөнү сүрөттөп берүү, ошондой эле орус жана англис тилдериндеги тексттерди окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары, айрым функциялары интернетсиз режимде да иштейт.

Иштеп чыгуучулар белгилегендей, EyeSens чет өлкөлүк аналогдорго салыштырмалуу кошумча жабдууларды талап кылбайт жана баасы бир нече эсе жеткиликтүү.

Долбоордун авторлору — Байаман Ажимырзаев, Канат Тынчтыкбеков, Аманат Эрмаматов, Султанмурат Эркинбеков. Команданын куратору — Ботокөз Сооронбаева.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты