Окуу жайларда күзгү каникулдар 4-ноябрда башталат
- 2 года мурун
Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында бул жылы күзгү каникул 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, күзгү каникул 7 күнгө созулат. Башкача айтканда, 4-10-ноябрь күндөрү болот. Сабактар кайрадан 11-ноябрда башталары айтылды.

Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




