Октябрга чейин Абхазиядан, Армениядан келген автоунааларды мыйзамдаштыруу керек

  • 10 месяцев мурун

2025-жылдын 1-октябрына чейин Абхазиядан, Армениядан келген автоунааларды мыйзамдаштыруу керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эскертти.

Акция 2025-жылдын 1-апрелинде президент башталган, октябрга чейин уланат.

Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талапка жооп берген машинелер каттоого алынат.

Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга — тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

8-августка карата Кыргызстанда 7056 чет элдик номурлуу унаа катталган.

Эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда. Эң азы Нарын облусунда катталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты