Октябрь РИИБинин кызматкери далилдерди бурмалоо фактысы боюнча кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери далилдерди бурмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренеси (далилдерди бурмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 4-сентябрында Токмок ШИИБинин тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын тергөөчүсү) С.Ж.А. кармалды.

«Токмок ШИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Ж.А. анын өндүрүшүндө кылмыш иши Жазык-процесстик кодексинин талаптарын одоно бузуп, эки жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген, жол-транспорт кырсыгын тергөөгө, ошондой эле далилдерди чогултууда шалаакылык менен мамиле кылган. Ошондой эле жабырлануучу тарабынан келтирилген материалдык далилдер эске алынбай, процессуалдык нормалар бузулуп, кылмыш иши бир жактуу тергелүүгө алып келген. Мындан тышкары, эксперт А.Ө. менен алдын ала сүйлөшүп алып, тергөө амалдарын бурмалоо менен, алар каза болгон адамга мүнөздүү болбогон кырсык учурундагы дене жаракаттарын көрсөтүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

4-сентябрда УКМК тарабынан Токмок ШИИБинин тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын тергөөчүсү) С.Ж.А. кырсыктын күнөөкөрүнүн кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жолу боюнча мыйзамсыз аракеттер аныкталган. Кармалган С.Ж.А. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты