Октябрь райсот аткаруучулары 2,9 миллион сомду ыйгарып алууга шектелүүдө

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган райондун сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлери тарабынан “Оптима” банктагы депозиттик эсептен 2 млн 965 миң 800 сом акча каражаты мыйзамсыз алынып, өздөрүнө ыйгаруу фактысы аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Андан мыйзамдуу каражатты алуучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты