Октябрь райондук сот аткаруучу кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы менен бирге Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган сот аткаруучу А.у.А. аттуу жарандан аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын опузалап алып жаткан жеринен кармалган.

Буга чейин сот аткаруучу К.К.Ж. жогорудагы маселе боюнча акчанын бир бөлүгүн алып, бирок чектөөнү алып салуу маселесин чечпестен, А.у.А. арыздануучудан опузалап акча каражатын алууну уланта берген.

Ал кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу), кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты