Октябрь окуясы боюнча сотко Социнтерндин башкы катчысы катышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда октябрь окуясы боюнча соттук отурумуна Социнтерндин башкы катчысы Луис Айала катышты.

«Биз бул жерде дүйнөнүн бардык социал-демократиялык партияларынын каалоосу боюнча келдик. Кыргызстанда ушундай саясий уюмдун өкүлдөрү бар экени кубандырат. Албетте, бизди Алмазбек Атамбаевдин тагдыры тынчсыздандырууда. Биз Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуяларга чоң тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Демократия адилеттүүлүктү талап кылат. Биз эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн бардык демократтарды жайгаштырабыз. Бул жерде эркиндиктин, укуктун жоктугун көрүп жатабыз. Биз үчүн буга мисал Алмазбек Атамбаевдин окуясы. Биз акыйкаттыкка үмүттөнөбүз», — деди ал.

Соттун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары акция өткөрүштү. Алар колдоруна «Соттор адилеттүү чечим чыгаргыла», «Биз мыйзамсыздыкка каршыбыз» деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Сотко президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алып келинди. Ал эми Атамбаевди алып келишкен жок.

Октябрь окуялары боюнча иште айыпталуучулардын катарында Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар бар. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты