Октябрь окуясы боюнча мамлекеттик айыптоочу Жеңиш Молдакматовду 9 жыл эркинен ажыратууну өтүндү

  • 2 года мурун

Октябрь окуясы боюнча мамлекеттик айыптоочу Жеңиш Молдакматовду 9 жыл эркинен ажыратууну өтүндү. Бул тууралуу Молдакматовдун тарапташы Эрлан Бекчоро уулу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Мамлекеттик айыптоочу Жеңиш Молдакматовду сот залынан камакка алууну өтүндү.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты