Октябрь окуясы: Айыпталып жаткан саясатчылардын бардыгы акталды

  • 2 года мурун


Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өттү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмү чыкты.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты