Октябрь ИИБи өспүрүмдүн чачын жулмалап жаткан окуя териштирилип жатканын билдирди  

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) социалдык тармактарга тараган өспүрүмдүн чачын жулмалап жаткан видеодогу факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталганын кабарлады.   

“Белгилеп кетчү нерсе, эки тарап тең бири-бирине арыз менен кайрылды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет” деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда окуя 23-сентябрда Бишкектин «Кара-Жыгач» конушунда болгону айтылган. Тасмадагы аял 17 жаштагы кызды жаандан корголоп, короосуна келгенде, тамеки калдыктарын ж.б. таштанды таштадыңар, тергиле деп урушканы айтылат. Алар кайым айтышып, аягы кол көтөрүүгө чейин жетип, башкалар да аларды арачалоого келишкен.

Ал эми тасмадагы кызды чачынан тарткылаган аял бул тасма толук эмес экенин, адегенде жаш кыз менен балага таштандыны терип койгула деп айтканын, алар сөгүнүп киргенин жана тасманы тарткан бала тепкилеп киргенин, бул видеодо ошон үчүн кызды чачынан тарткылап, жулмалаганын ЖМКга айткан.

Сүрөт: Социалдык тармактагы тасмадан  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты