«Ойлон Кэмп» долбоорунун катышуучусу коомдук транспортто  ыдык көрсөтүүгө каршы маалымат кампаниясын баштады

  • 2 года мурун

Жарандык активист Альбина Дүйшөнбиева Бишкек шаадык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында кыздар жана балдар үчүн коомдук транспортто коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган долбоордун бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунан билдиришти.

Презентациянын жүрүшүндө активист өлкөдөгү актуалдуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине жарандардын көңүлүн бурууга жардам бере турган маалыматтык кампаниянын башталышы жөнүндө айтып берди.

Иш-чаранын негизги максаты — коомдо ыдык көрсөтүүгө жийиркеничтүү мамиле түзүү жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу.

Идеянын автору жана демилгечиси Альбина Дүйшөнбиева. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Маршруттук таксилерде, автобустарда жана троллейбустарда маалымат таратууда Бишкек мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгы да колдоо көрсөтөт.

Долбоор алкагында иштелип чыккан материалдар:

1) Айдоочулар үчүн эскертме (автоунаада ыдык көрсөтүү фактысы катталса, кандай иш-аракет кылуу керек);

2) Жүргүнчүлөр үчүн эскертме (ыдык көрсөтүүгө кабылган учурда кимге кайрылуу керек);

3) Коомдук транспортко стикер (ыдык көрсөтүүгө учураганда айдоочунун кылмышкерге каршы мамилесин белгилейт);

4) Анимациялык видео (жарандарды кайдыгер карабоого чакыруу үчүн);

5) Аялдамалардагы баннерлер

«Бул долбоор ондогон кыздар күн сайын туш болгон көйгөйгө көңүл буруп, аны чечүүгө жардам берет деп ишенем. Контент түзүү процессинде мен бул көйгөйгө кыздар гана эмес, эркек балдар да дуушар болорун билдим. Албетте, көбүнчө алар бул тууралуу айтышпайт», — дейт идеянын автору Альбина.

Ошондой эле идеянын демилгечилери коомдук транспорттун айдоочулары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, ыдык көрсөтүүгө каршы күрөштө алардан колдоо алууга ишенишет. Мындан тышкары активисттер борбор калаадагы мектептердин окуучулары менен жолугуп, коомдук транспортто акцияларды өткөрүүнү көздөшүүдө.

Үгүт материалдарына шилтемелер: https://bit.ly/3G4RIlP

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты