Облустук сот Акжолтой Тукуновду эки айга камакка алды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 26-апрелде Чүй облустук соту Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновду эки айга камакка алды. Бул тууралуу “Азаттык” анын адвокаты Умар Молдобековго таянып жазып чыкты.

Тукунов «Массалык башаламандык» беренеси боюнча шектелип, камакка алынган. Аламүдүн райондук соту 19-апрелде аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотуп, анын кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты