“Оң жыйынтыктарга жетише алдык”. Элчи Германиядагы 150 студенттин маселеси боюнча сүйлөштү

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 150 студенттин иши боюнча маселени чечүү үчүн Германиянын Бремен шаарына барды.

“Бүгүн Бремен шаарына келип, студенттерибиз менен жеринен жолуктум. Немис тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимде көрсөтүлгөн да, көрсөтүлбөгөн да бир катар маселелер боюнча оң жыйынтыктарга жетише алдык.Такталгандай, студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан экен. Ошого карабастан, немис тарап аларга жаңы жумуш орундарын табууга аракет кыларын билдирди”, — деди Текебаев.

Анын айтымында, элчилик бул маселени аягына чейин көзөмөлдөп, студенттердин мыйзамдуу укуктарынын сакталышы үчүн ишин улантат.  Ал эң башкысы студенттердин ата-энелерине аман-эсен жетип баруусу экенин айтты.

23-июл күнү Германияда 150гө чукул кыргыз студент көчөдө калуу коркунучунда турганын инстаграм колдонуучусу Медиса Жокиева жарыялаган.

Маалыматка караганда, алар ар бири 55 миң сомдон чет өлкөгө жумушка жибере турган жеке фирмага төлөп, 3 ай жайкы каникулда Германияда иштегени барышкан.

Жеке компания Samara academy кыздар Германияга баргандан кийин жумушту өздөрү табышы керек деген. 

Учурда алар качкындар калган жайда калууга мажбур болуп жатышат. Кыргызстандыктар тийиштүү органдарга кайрылып, жардам берүүсүн өтүнгөн.

Бул жагдай боюнча “Samara Academy” компаниясы да түшүндүрмө берип, жогорудагы маалыматтарды толук четке каккан. Компаниянын билдиришинче, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин алдын ала төлөнгөн жана ал мөөнөт узартылат. Ошондой эле айрым студенттер иш менен камсыз болгондугу айтылды.

Мындан тышкары, уюм Германиядагы өнөктөш тарап студенттерди көзөмөлдөп жатканын жана алардын маселеси толук чечилгенге чейин колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Сүрөт: Скриншот

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты