Оңдолуп жаткан жолго кирип, жол кызматкери менен мушташкан адам кармалды
- 10 месяцев мурун
Бишкекте унаанын айдоочусу жолдун жабык бөлүгүнө кирип кетип, жол кызматкери менен мушташкан.
Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 12-августта саат 11:00 чамасында Лев Толстой менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Тойота RAV4 үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан адам Лев Толстой көчөсүнүн оңдолуп жаткан бөлүгүнө чыгып кеткенде аны жол кызматкери токтоткон.
Айдоочу оңдолуп жаткан тилкеге кирбөө өтүнүчүнө көңүл бурган эмес жана жолчуну унаасы менен түртүп кеткен. Эркектердин ортосунда уруш чыккан.
Укук коргоо кызматкерлери айдоочунун ким экенин тактап, милицияга алып кетишкен. Ал 47 жаштагы М.И. аттуу жаран болгон.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду. Өзү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.




