NYT: Орусия Украинада көп жолу тыюу салынган курал колдонгон

  • 2 года мурун

Орус армиясы украин шаарларын жана кыштактарын эл аралык конвенцияларда колдонууга тыюу салынган ок-дарылар менен аткылоодо. Бул тууралуу The New York Times гезитинин жаңы иликтөөсүндө жазылган.

Басылманын журналисттери Украинада тартылган миңден ашуун сүрөттү иликтеп, ал жакта колдонулган эки миңден ашуун ок-дарыны аныкташкан. Алардын көбүнө калк жашаган кварталдарда колдонууга тыюу салынган. 330дан ашуун ок-дары кишилер жашаган имараттарды кыйгай өткөндө же түз тийгенде жарылган. Эл аралык конвенцияларда тыюу салынган курал-жарактар, анын ичинде кассеталык ок-дарылар колдонулган 210 учур болгон. Алар абада жарылган учурда жүздөгөн чарчы метрге чейинки аянтты зыянга учуратат.

Текстте кишинин денесин жабырлатуучу флешетталуу (майда металлдуу мизи бар кыска найза – дротик) ок-дарылар колдонулганы да айтылган.

Материалдын авторлору тыюу салынган куралды колдонуунун масштабы алда канча жогору экенин, бирок согуш жүрүп жаткандыктан, далил чогултуу оор экенин жазышкан.

Буга чейин CNN телеканалынын иликтөөсү орус армиясынын генералы Александр Журавлёв февралдын аягында Харьковдо “Смерч” кассеталык куралын колдонууга буйрук бергенин тастыктаган.

Мурда Орусия Сирияны бомбалоодо да кассеталык курал колдонууга айыпталган. Орусия Коргоо министрлиги муну четке кагып, бирок 2019-жылы аны Сириядагы аскердик операциянын жүрүшүндө колдонулган курал-жарактардын көргөзмөсүндө көрсөткөн.

Орусия да, Украина да кассеталык курал-жарактарга тыюу салган конвенциянын катышуучусу эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты