NYT: Хаменеи Израилге түз сокку урууга буйрук берди

  • 2 месяца мурун

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи палестиналык ХАМАС кыймылынын лидери Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлүшүнө жооп катары Израилге чабуул жасоо жөнүндө буйрук берди. Бул тууралуу New York Times (NYT) басылмасы үч иран аткаминерине шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Хаменеи мындай буйрукту 31-июлда Ханиянын өлүмүнөн кийин өткөн Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында берген.

Азырынча Ирандын ыктымал чабуулунун мүнөзү жана масштабы жөнүндө маалыматтар жок. Булактар куралдуу жооптун бир нече варианты бар экенин айтышкан. Алардын арасында Тель-Авив жана Хайфа шаарларына жакын жердеги аскердик объектилерге ракеталар жана дрондор менен сокку уруу, ошондой эле Йемен, Сирия жана Ирак сыяктуу өнөктөштөрү менен бирге чабуул коюу варианттары бар.

Мындан тышкары Хаменеи өлкө аскерлерине Израил менен АКШнын ыктымал жооптуу соккуларына карата коргонуу жана чабуул коюу пландарын иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Буга чейин Ирандагы Жамкаран мечитинде тез арада өч алуунун символу эсептелген кызыл желек көтөрүлгөнү кабарланган.

Исмаил Ханиянын өлүмүнөн кийин аятолла Али Хаменеи Тегеран бул үчүн өч алууну «өзүнүн милдети деп эсептей турганын» айткан.

ХАМАСтын лидери Исмаил Хания 31-июлда ракеталык соккулар менен өлтүрүлгөн. ХАМАС кол салууну «чыккынчылык» деп атап, бул «сионисттердин арамза чабуулунун» жыйынтыгы экенин билдирген.

Азырынча Израилдин бийлиги бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Сүрөттө: Али Хаменеи. irbnews.ir

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты