Нуржигит Кадырбеков: «Татыктуу талапкерлер болсо Министрлер кабинетине сунуштама берем»

  • 2 года мурун

«ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-тет» программасынын кезектеги чыгарылышын коногу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков болду.

Нуржигит Кадырбековго «Депутаттар министрлер кабинети менен соодалашканына кандай баа бересиз?» деген суроого жооп берди.

«Мен бирөөнү бул кызматка коюп кой деп сунуштап көргөн эмесмин. Бирок бир нерсени айтайын эгерде чындап татыктуу талапкер болсо Министрлер кабинетине сунуштама берем. Алардын арасында тууган-туушкан, достор болбош керек», — деди депутат.

Ага «Сиз өкмөттүн мүчөсү болуп турганда депутаттар тарабынан кызматка дайындоо боюнча сурануулар болду беле?» деген суроо берилди.

«Сурануулар болот. Бирок ошонун баарын айта бербеш керек да. Айткандан көрө экинчи суранбай жүрүңуз деп айтуу шарт. Элдин алдында айтып койгон кандай болуп калат? Менден деле сурангандар болгон. Чоң деңгээлдерде айтылчу. Кыргызстанда айтпаган бир эле адам калды го. Түшүнөсүз да. Балким башка бирөөлөр аркылуу сунуштагандыр, бирок түз чыгып айткан эмес. Жокту жок эле деп айтып койчумун. Ошон үчүн узакка иштеген жок болушум керек. Кээде позицияга катуу эле туруп коюш керек», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты