Нуржигит Кадырбеков: «Футбол чемпионатында кумар оюнун жарнама кылууга тыюу салгыла»

  • 4 месяца мурун

Депутат Нуржигит Кадырбеков Европа футбол чемпионатын теледен көрсөтүү учурунда кумар оюндары жарнамаланып жатканына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Мен президенттин өкүлүнө айтсам, ал кат даярдап жатабыз деди. Таз тарангыча той таркайт дегендей силердин катыңар жеткенче оюн бүтөт. Ал убакта кумар оюнун каалагандай жарнамалап жатышат. Мыйзамга көзөмөл кылган орган катары — Башкы прокуратура тыюу салгыла», — деди Нуржигит Кадырбеков.

Депутаттын сөзүнө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жооп берип, Кыргызстан футбол эфирин сатып алганын, андагы жарнамага тиешеси жоктугун билдирди. Бирок төрага Шакиев министрлик мындай учурларды көзөмөлгө алышы керектигин айтып, мыйзамдын аткарылышын талап кылды.

«Данияр мырза, урматтуу министр, сиздин бул жообуңуз үчүн сизди жоопкерчиликке тартса болот. Мыйзамдын аткарылышын так сактабаганыңыз үчүн. Аны көзөмөл кылган министр сизсиз. Мыйзам аткарылышы керек», — деди Шакиев.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатын Улуттук телерадиокорпорациянын Спорт каналы түз алып көрсөтүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты