Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатынан ажырады

  • 3 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты. Депутаттык мандат «Ыйман нуру» партиясынын мүчөсү Эрнис Айдаралиевге берилди. Бул чечим бүгүн, 30-августта БШКнын отурумунда кабыл алынды.

Бүгүн Нуржигит Кадырбеков Боршайкомго аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча арыз бергени айтылган эле.

Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыккан. Сурактан чыккандан кийин ал журналисттерге учкай комментарий берип, «Ыйман» фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирген. Ал ошондой эле тергөөнүн купуялуулугун сактоо боюнча кагазга кол койгонун, калган деталдарды айта албай турганын кошумчалаган. Депутат суракка жактоочусу жок кирген эле.

Нуржигит Кадырбеков 2015-2019-жылдары «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

Буга чейин «Ыйман» фондунда дайны чыкпай калган 5 млн доллар боюнча ызы-чуу чыккан эле. Анда фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынганы айтылган.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты