Нуржигит Кадырбеков: «Апамдын жүрөгүн, шайлоочуларымдын пикирин сыйлап Акылбек Жапаровдун чайына барган жокмун» (ВИДЕО)

  • 2 года мурун

«ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-тет» программасынын кезектеги чыгарылышын коногу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков болду.

Анда ага «Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттар үчун чай уюштурду, сиз бардыңызбы?» деген суроо берилди.

«Мен ошол мезгилде «Дасмиянын» спорт залында машыгып жаткам. Ушул суроо берилбесин деп мен да «Дасмиядамын» деп социалдык тармакка чыгарып койдум.

Чакырган жерден калба деген сөз бар. Мен барып жок деген нан ооз тийип коюп чыгайын дегем. Бирок ошол деле көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп калса туура эмес пикирлер, туура эмес сөздөр айтылмак. Апамдын жүрөгүн аядым.

Социалдык тармактарда муну туура эмес кабыл алышты. Кайсы акчага сыйлап жатат деген суроо пайда болот. Президент ысырапкорчулук кылбагыла деди эле эмнеге сөз менен иш эки башка кетип жатат деген сөздөр болот экен. Мен макул болбогон казино боюнча мыйзам өтүп кетти. Ошондон кийин жаман сөздөр кетип калбасын деп апамдын жүрөгүн, шайлоочулардын пикирин сыйлап чайга барган жокмун», — дейт Нуржигит Кадырбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты