Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында алтын утту

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Департаменттен билдиришкендей, Нуртаева мелдешке 68 кг чейинки салмакта катышты. Ал алгачкы айлампада монголиялык балбан кызга 7:5 эсебинде жеңилген.

Экинчи айлампада казакстандык спортчуну 1:1 эсебинде уткан. Ал эми финалдык беттеште индиялык Приянка Приянканы 4:3 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону болду.

Мындан тышкары кыргызстандык балбан кыздар Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.

Азия чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты