Нурланбек Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрияга расмий сапары башталды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Австрия мамлекетинин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Кыргызстан Австрия мамлекети менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар. Айрыкча Жогорку Кеңеш парламенттик демократия жаатындагы бай тажрыйбаңыздарды эске алып, аталган багытта биргелешип иш алып барууга ынтызарбыз. Андыктан, бул расмий сапарыбыз өлкөлөрүбүз ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деп билдирди Нурланбек Шакиев

Муну менен катар тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосундагы диалогду бекемдөө маселесин көтөргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясы баштаган эл аралык бирикмелердин алкагында да биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда экономикалык багыттагы кызматташтык тууралуу да сөз болуп, төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан айыл чарба, энергетика, туризм, билим берүү, транспорт, санариптештирүү өңдүү тармактар боюнча Австрия мамлекети менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Айрыкча Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Бүгүнкү күндө гидроэнергетикалык потенциалдын 10-15%ын гана пайдаланабыз. Бул ички керектөөнүн 90%дан ашыгын камсыздайт. Андыктан, болгон мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү үчүн австриялык инвесторлорду кызматташууга чакырабыз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу да пикирин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы билим берүү жана илим-изилдөө жаатындагы кызматташтык артыкчылыкка ээ экенин билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Австрия климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча окшош позицияны карманып келе жатканын баса белгиледи:

Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун алкагында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча бир катар резолюцияларды, анын ичинен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата аракеттердин беш жылдыгын” демилгелеген. Биз аталган демилгелерибизди колдоп жатканы үчүн Австрияга ыраазычылык билдиребиз”.

Өз кезегинде Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка парламенттик дипломатия табияты окшош эки өлкөнүн байланышынын негизги өзөгүн түзөрүн белгиледи:

“Биз үчүн Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, алакаларды арттырып, парламенттер ортосундагы диалогду кеңейтишибиз керек”.

Мындан сырткары, кызматташтыктын багыттары тууралуу сөз кылган Вольфганг Соботка калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жаатында Австрия заманбап тажрыйбага ээ экенин билдирип, бул жаатта кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалады. Муну менен катар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында да тажрыйба алмашуу маселесин көтөрдү.

Белгилей кетсек, Нурланбек Шакиевди делегациянын курамында депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты