Нурлан Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы болуп шайланды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу депутат Айбек Осмоновго шилтеме берип жазды.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясын мурдагы төрагасы Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы округунан депутаттыкка шайланган. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы 33 депутаттан турат. Анын 18и бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты