Камчы Көлбаевдин жарандык жубайы Нурия Тентишовага издөө жарыяланды

  • 1 месяц мурун

Камчы Көлбаевдин жарандык жубайы делген Нурия Тентишовага издөө жарыяланды.

Ал кармалгандан кийин убактылуу абак жайына камалат жана андан кийин аны колонияга алып кетишет. Буга чейин Нурия Тентишова эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Нурия Тентишованы кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо иши боюнча Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиева менен кошо айыпталган Нурия Тентишованын ким экени жана Камчы Көлбаев менен кандай байланышы бар экени сотто айтылган эмес. Сот анын катышуусуз өткөн.

ЖМКда Нурия Тентишова Камчы Көлбаевдин жарандык жубайы болгондугу жазылган.

Бүгүн, 8-августта, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеваны «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, пробация менен 7 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды.

Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиева “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталып, бул иш шаардагы Октябрь райондук сотуна 2024-жылы 17-апрелде түшүп, ага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү жүргөн. Андан кийин бул иш боюнча айыптоочу кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан эркинен ажыратууну суранган.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлктөрүн коомчулукка жарыялады.

Сүрөттө: Нурия Тентишова. Видеодон скриншот

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты