Новопокровка айылындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Новопокровка айылындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында Линейная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Өрт саат 13:42де чектөөгө алынды. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында үйдөн чыккан өрт саат 14:34тө толук өчүрүлдү. Бактыга жараша өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты