Новопавловкадагы турак жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Новопавловкадагы турак жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:38де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 05:55те 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

Такталган маалымат боюнча, Новопавловка айылынын Соодабаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 07:03тө чектөөгө алынып, 08:34тө толук өчүрүлгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты