Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдештер башталды
- 9 ай мурун
Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдештер башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-мартта Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча Нооруз майрамына карата Республикалык мелдештер башталды.
Мелдештин биринчи күнү жалпы 7 оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.
Биринчи күндүн жыйынтыгы:
Экинчи лига:
«Ак-Суу» жана «Аккула» — 0:2;
«Кара-Балта» жана «Тянь-Шань» — 5:0;
«Көк-Жал» жана Ак-Илбирс» — 3:1;
Биринчи лига:
«Ысык-Ата» жана «Ачы» — 2:1;
«Кемин» жана «Саякбай-Ата» — 3:0;
«Жаштык» жана «Өзгөн ынтымагы» — 5:4;
«Бишкек Четинде» жана «Бакай-Ата» — 3:2.
Бүгүн чыга турган курама командалардын тизмеси:
«Теңир-Тоо» -«Сары-Өзөн Чүй» ( 40 жаш);
«Жалал-Абад » — «Жети дубан» (40 жаш);
«Сары-Өзөн» — «Ак-Шумкар» (жогорку лига);
«Ардагерлер» — «Ысык-Көл» (40 жаш);
«Сары-Өзөн Бишкек» — «Талас» (40 жаш);
«Ош шаары » — «Суусамыр» (40 жаш).