«Нооруз-2025» республикалык турнирин өткөрүү токтотулду

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Спорт департаменти көк бөрү боюнча «Нооруз-2025» республикалык турнирин өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу «Көк бөрү» федерациясы 15-мартта Инстаграм баракчасына жарыялады.

Департамент оюндар убактылуу токтогонун билдиргени менен так себептерин түшүндүргөн эмес.

«Ушундан улам «Көк бөрү» федерациясы катышуучу командаларга жана күйөрмандарга Нооруз турнири уланбай калганын жарыялоого аргасыз», — деп жазылды баракчада.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты