Ноокенде жер титиреди
- 1 неделя мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-ноябрда, саат 08:06да Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кудук-Сай айылында 2 баллга (Кудук-Сай айылынан 7 чакырым чыгышта, Таш-Көмүр шаарынан 10 чакырым түштүк- чыгышта, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым түндүк- батышта, Жалал-Абад шаарынан 70 чакырым түндүк- батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү