Ноокенде турак жай өрттөнүп 1 адам каза болду

  • 2 года мурун

Ноокенде турак жай өрттөнүп 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коминтерн айылындагы турак үйлөрдүн биринде 27-июнда өрт чыкканы боюнча маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен үй толугу менен күйүп, 1973-жылы туулган А.Н. аттуу жарандын сөөгү табылды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты