Ноокенде мушташтан бир жаран каза болду

  • 1 неделя мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 36 жаштагы жаран мушташтан улам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокендеги милиция бөлүмүнө 4-сентябрь күнү таңга маал Кочкор-Ата шаарында жолдун четинде белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы кабарланган. Ал жарандын ким экендиги такталган.

Андан кийин атайын органдар тарабынан бул кылмышка шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 43 жаштагы тургуну Д.Ш. экендиги аныкталып, ал кармалган. Анын мурда бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болгон.

Милициянын берген маалыматында, болжол менен 2-сентябрь күнү шектүү өзүнүн үйүндө маркум М.А. менен медициналык спиртин ичишип, экөөнүн ортосунда келип чыккан чырдан улам мушташа кетишкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин үй ээси М.А.нын каза болуп калганын байкаган. Андан соң, шектүү Д.Ш. кылмыштын изин жашыруу максатында таңкы маалда маркумдун өлүгүн өзү жашаган даректен бир көчө ылдый алып барып таштап кетип калган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе (өзгөчө оор залал)) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектөө убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты