Ноокенде муктаж үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарча курулду

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Аримжан айылында муктаж үй-бүлөлөр үчүн 100 батирлүү 25 үй курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Үйлөрдү ээлерине тапшырып берүү иш-чарасы кечээ, 5-июнда өттү. Салтанатка долбоорго демөөрчүлүк кылган кувейттик «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаарчанын тургундары катышты.

Шаарчада аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык шарт түзүлгөнү белгиленди.

Ушул эле жерде 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, Фельдшердик-акушердик пункт, мечит, дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулган.

Жергиликтүү бийлик социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкесин бөлүп берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты