Ноокенде ири суммада акча тоногон жаран кармалды

  • 3 месяца мурун

Ноокенде ири суммада акча тоногон жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайы, 14-апрель күнү Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну А.Н. арыз менен кайрылган, себеби 2024-жылдын 13-апрель күнү саат 02:20 чамасында, Шамалды-Сай шаарчасынан келе жатып Бишкек-Ош автожолунун 491-чакырымында, өзүнүн ак түстөгү Гелендваген МБ үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып келе жаткан учурда, артынан күмүш түстөгу Дэу-Нексия үлгүсүндөгү автоунаасы келип кысып токтотуп, ичинен өзүнө сырттан тааныш болгон 20-25 жаштагы өзүнө бейтааныш болгон үч бала түшүп эч бир себесиз уруп машинанын чөнтөгүндө турган 9 700 доллар акчасын алып кетип калышкан.
Аталган арыз Ноокен РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча арыздануучу А.Н. жазган арызында көрсөтүлгөндөй эмес, шектүү жаран бул убакытка чейин жабырлануучуну коркутуп акча доолап жүргөндүгү, окуя болгон күнү жабырлануучунун автоунаасынын ортосунда турган бычакты алып ичине жарат келтирип, автоунаасынын бардочогунда турган 9 700 $ (тогуз миң жети жүз) доллар акчасын алып кетип калгандыгы такталган.

Кылмыш ишинин алкагында Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 2024-жылдын 19-апрель күнү окуяга шектүү делген Шамалдуу-Сай шаарчасынын 31 жаштагы тургуну М.Э. кармалып, Ноокен РИИБдин УКЖна киргизилген жана Ноокен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып 2 айга камакка алуу түрү тандалган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты