Ноокенде алтын буюмдарын карактоо үчүн ишкердин бетине уксус чачканга шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ноокенде алтын буюмдарын карактоо үчүн ишкердин бетине уксус чачканга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда саат 23:10до Ноокен районун Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнөн Ноокен РИИБдин 102-телефонуна маалымат түшүп, анда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1971-жылы туулган М.А. белгисиз жаран көзүнө уксус чачып жибергенин билдирген. Ал Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Текшерүү учурунда 10-декабрда саат 16:30 чамасында, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук баазарында жайгашкан күрөөканасына медициналык беткап кийген аял киши кирип келип А.Машаеванын бетине уксус кислотасын чачып, жанында турган кызыл боз түстөгү сумкасын анын ичинде жалпы базар баасы 2 миллион сомдук алтындарын алып чыгып белгисиз жакка качып кеткендиги аныкталган. Бул окуя боюнча жабырлануучу мыйзам чегинде чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, ишке керектүү материалдар чогултулуп, 11-декабрда Кылмыш жаза кодексинин 207-беренесине ылайык (каракчылык) кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматкерлерге тергөө тапшырмалары берилип, жабырлануучу А.Машаеванын денесине соттук- медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катарында Ноокен районунун 20-жаштагы тургуну А.А. экендиги аныкталган. Ошондой эле А.А. бул кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ал боз түстөгү сумкасын анын ичиндеги далил-буюмдарды үйүнөн алып чыгып өзүнүн ыктыяры менен тапшырып берген.

Шектүүнүн колунда наристеси бар экендиги эске алынып үй камагында калтыруу боюнча чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты