Ноокенде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
- 4 месяца мурун
Ноокен милициясы адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-мартта саат 22:00 чамасында Ноокен райондук өрткө каршы кызматынын диспетчери аркылуу чакыруу түшүп, ошол эле райондун Масы айылында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында өрт чыккандыгы билдирген.
Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда 69 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, анда жараты бар экендиги аныкталды.
Бул окуя Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Ноокен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 42 жаштагы тургуну Д.М. экендиги аныкталып, тергөө кызматына алынып келинген.
27-март күнү кылмыш ишине шектүү катары 42 жаштагы Д.М. Ноокен РИИБдин УКЖна киргизилип, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.