Ноокен районунун кызмат адамдары алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча 21-июлда жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж.И., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р., Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты