Ноокатта жол кырсыгынан бир адам каза болду

  • 2 года мурун

Ноокатта жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байыш айылынын Көк-Бел көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сарайды сүздү. Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши каза болуп жана 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) жабыркады. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денеси унаадан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кетти. Жерине 4 куткаруучу тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты