Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урганга шектелген жаранга кылмыш иш козголду

  • 1 год мурун

Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урганга шектелген жаранга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма жарыяланган. «Жаш баланы урган 30 жаштагы О. уулу А. кармалып, Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмышка шектүү 226-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагында Умиров участкасынын тургуну 7 жаштагы М.Аны Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде уруп, денесине жараат келтирген», — деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучуга карата соттук- медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү иштери Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты