Ноокатта «Өспүрүм-эмгек» рейддин жүрүшүндө 6 ата-энеге айып пул салынды

  • 2 года мурун

10-14-ноябрь күндөрү Ноокат районунун аймагында Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара учурунда соода борборлору, базарлар, унаа жуучу жайлар, курулуп жаткан курулуштар текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 10 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталып, 6 ата-энеге айып пул салынды. Ошондой эле жумуш менен камсыздаган жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин талаптары боюнча протоколдор түзүлдү. Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору балдарга кечки убакта чоңдордун коштоосузсуз көчөдө жүрбөөсүн эскертишип, кылмыш жана кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Мындай иш-чара Ош облусунун бардык аймактарында өткөрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты