Ноокатта социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөнгө шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ноокатта социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-август күнү Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну А. А., аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу өзүнө таандык болгон бир нече атайын даярдалган Фейк аккаунттар аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видео роликтерди социалдык тармактар аркылуу пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин маалыматтык электронуна катталып, Кылмыш жаза кодектин 332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарын жүрүшүндө шектүү катары А.А. атуу жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты