Ноокатта Найман суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Ноокат районундагы Найман суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Кайрагач айылында 1994-жылы туулган К.Э. аттуу жаран Найман суу сактагычына чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 12 куткаруучу тартылып, саат 11:05те ал жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты