Ноокатта мал уурдоого шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ноокат районунда “Мал уурулук” рейдинин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ноокат районунун аймагында мал жандыктарды уурдап, аларды сатып жиберген жеринен 28 жаштагы А.Э. кармалды.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 4-октябрь күнү Ноокат РИИБге арыз менен Ноокат районунун жашоочулары 61 жаштагы Х.Э., 55 жаштагы А.Э., 63 жаштагы Р.С., жана 62 жаштагы А.Д., аттуу жарандар кайрылышкан.

Анда: өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар жайыттан уурдап кеткендигин билдиришкен. Натыйжада жалпы болуп 470 миң сом зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. Ош облусунун аймагында 18-октябрга чейин “Мал уурулук” рейди өткөрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты