Ноокатта айдоо жерлерин мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл аймагында 30 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер турак жай куруу үчүн сатылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, 4-июнда Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., айылдык кеңештин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т., жана айылдык кеңештин мурдагы депутаты М.К.А. кармалган. Ошол эле күнү Ош шаардык соту шектүүлөрдү 30-июнга чейин тергөө абагында кармоо тууралуу чечимин чыгарган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты