Ноокат: Селдин кесепетинен каза тапкандардын саны 9га жеткени  расмий маалымдалды

  • 2 месяца мурун

Ош облусунун Ноокат районундагы Апшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.

Селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9га жетти.

Бүгүн издөө иштерине кошумча куткаруучулар тартылган. Жалпы өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  53 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары ИИМден 120 кызматкер, КР Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам. Куткаруу иштерине жалпы 373 адам тартылды.

Сүрөттө: Куткаруучулар. ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты