Ноокат РИИБинин тергөөчүсү пара алганга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Ноокат РИИБинин тергөөчүсү пара алганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 миң сом талап кылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду. Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты