Next TV телеканалынын кызматкери Аламүдүн РИИБине суракка чакырылды

  • 1 год мурун

Next TV телеканалынын кызматкери Тилек Жуматаев Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган телеканалдын башкы продюсери Дмитрий Ложников Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, азырынча ал кандай себеп менен суракка чакырылтылганы белгисиз. «Биздин божомолдор боюнча, бул мессенджерлерде жана коомдук баракчалардагы жарыялоолорго байланыштуу болушу мүмкүн, анда айып пулду көбөйтүү маселеси талкууланган. 1-мартта Тилек Жуматаевдин үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан аңдуу уюштурулган. Алар Тилек Жуматаевдин туугандарынан аны кантип тапса болорун сурашкан. Аңдуу иштери 2-мартта дагы уланып, алар Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери экени белгилүү болду. Бүгүн, 3-мартта Тилек Жуматаев адвокат менен суракка барат», — деп жазды ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты