Нефтетрейдерлер дизелдик отунга болгон бааны көтөрүү зарыл экенин айтышууда

  • 2 года мурун

16-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун негизги операторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда баалар, жеткирүүлөр, рынокто бааларды тегиздөө боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Талкууда нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшү менен орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдик отундун экспорту кыскарып жатканын жана мындан улам дизелдик отунга ички бааны көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ыйгарым укуктарынын чегинде өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча нефтетрейдерлерге төмөнкү сунуштарды берди:

— бааларды кармап туруу, алардын баа саясатын турукташтыруу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү;

— күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун толтуруу жана мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл резервдерди камсыз кылуу;

— “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так аткаруу;

— май куйуучу жайларда КММ толук толтурулбагандыгынан улам көзөмөлдү күчөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууга жол бербөө;

— рынок конъюнктурасы өзгөргөн учурда алдын ала чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен Монополияга каршы органга кайтарым байланышты камсыз кылуу.

Маалыматта жогоруда айтылгандардын негизинде иш-чаралардын комплекси иштелип чыгып, Экономика жана соода министрлигине жөнөтүлгөнү айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты