Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарылат. Прокурор 3 жылга эркинен ажыратууну суранууда

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 19-июнда, активист Өндүрүш Токтонасыровго акыркы сөз берилип, өкүм чыгарылары күтүлүүдө.

18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор Айжамал Мырзасапарова укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сурады. Бул жолку отурумда тараптардын жарыш сөзү болуп, адвокат укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, Өндүрүш Токтонасыровду актоону өтүндү.

Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда өткөн жылдыын сентябрь айынан бери каралууда. 

2023-жылы 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Өндүрүш Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.

Сүрөттө: Өндүрүш Токтонасыров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты